Ош. Айтмамат Кадырбаев коммуналдык кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады 

Кечээ, 13-мартта коммуналдык кызматкерлерди кесиптик майрамы менен Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев куттуктап, 20 кызматкерге Ардак грамота тапшырып, акчалай сыйлык берди. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

"Сиздерди бүгүнкү майрамыңыздар менен куттуктап, рахматымды айткым келет. Сиздер аркылуу шаарыбыз тазаланат, коммуналдык тетиктерибиз эскиргенине карабай өз ишиңиздерди мыкты алып келесиздер, рахмат сиздерге!"- деди шаар башчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан