Орусиянын жогорку окуу жайларынан
Кыргызстанга 465 гранттык орун берилди. Бул тууралуу Орусия Федерациясынын Кыргызстандагы
элчилигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2014-2015-окуу жылына берилген
гранттык орундар КРнын жарандарына жана Кыргызстанда жашаган орус
мекендештерине берилет. Бюджеттик программадагы окутууларга тандоо тестирлөөнүн
негизинде өтөт.
Талапкерлер 2014-жылдын 10-апрелине чейин өтүшү керек. Катталуу
Бишкектеги Орус илим жана маданият борборунда, түштүк аймагы боюнча Ош
шаарындагы Орусиянын башкы консулдугунда болот.