Кардиология борборуна медициналык жабдыктарды сатып
алуу үчүн кошумча 200 миллион сом
бөлүнөт. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык,
тийиштүү жарлыкка КРнын Өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев кол койгон. Белгилүү болгондой, бөлүнгөн каражаттарга интервенциондук кардиология (тери аркылуу жүрөк кан
тамырларындагы ооруларга диагноз коюу) үчүн ангиографикалык жабдуу, жүрөктүн
ритми бузулган учурду дарылоодо жүрөктү электрофизиологиялык изилдөөчү аппарат,
көп тармактуу компьютерге туташкан санариптик рентген аппараты жана башка
медициналык жабдуулар алынат. Ошондой эле ички органдарды изилдөө
үчүн ультрадабыш аппараты, дефибрилляторлор,
электрокардиографтар, жасалма кан айлантуу аппараты жана башка жабдыктарды
сатып алууга жумшалат.