Жалпы республикалык тестке каттоо 11-марттан 11-апрелге чейин жүрөт

Жалпы республикалык тестке каттоо 11-марттан 11-апрелге чейин жүрөт. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы бүгүн, 14-мартта билдирди.

Маалыматка караганда, жалпы республикалык тест 2002-жылдан бери өткөрүлүп келет. Бул жылдар аралыгында 400 миңге жакын абитуриенттин билими бааланган. 

Бүтүрүүчүлөр химия, биология, физика, англис тили, математика, тарых сабактарын тандай алышат. Негизги жана предметтик тесттер үчүн каттоо акысы 260 сом турат.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан