АКШ Украина өкмөтүнүн аскердик күч жана
курал-жарак жагынан жардам сурап кайрылуусуна “жок” деген жооп узатты. Бул
тууралуу бүгүн, 14-мартта чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты. Маалыматка
ылайык, АКШнын Президенттик администрациясы аскерлерге тамак-аш, азык-түлүк
жагынан гана жардам көрсөтүшөрүн белгилеген. Администрациянын мындай жообун сынга алган АКШнын сенатору Жон Маккейн "Украинанын суранычын орундатуу керек болчу" деп билдирди.