Бишкекте “Камкордук” рейдинин жүрүшүндө кароосуз калган 111 жаш бала кармалды

Бишкекте 11-13-мартта “Камкордук” аттуу рейддин жүрүшүндө тилемчилик менен алектенген жана кароосуз калган 111 жаш бала кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы жарыялады.

Маалым болгондой, рейд “Дордой”, “Мадина”, “Таатан”, “Дыйкан”, “Беш-Сары”, “Кыял”, “Дордой-Моторс”, "Аламүдүн" жана "Ош базарларында" жүргүзүлдү. Мындан тышкары бекеттерде, жер төлөлөрдө, интернет- клубдарда тилемчи балдарды аныктоо боюнча иштер жүрдү.

“Рейддин натыйжасында 111 жаш бала кармалып, 80и ИИМдин атайын борборуна тапшырылды, 31и ата-энелерине берилди”,- деп билдирет Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан