Кытай Батышты Орусияга каршы санкция киргизбөөгө чакырууда. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, Кытай Эл Республикасынын Германиядагы элчиси Шин Мин-дэ: “Биз санкциянын эч кандай маанисин көргөн жокпуз. Бул Орусиянын каршы жообуна жана күн мурунтан айтып болбогон кесепеттерди алып келет. Биз муну каалабайбыз”,- деди.
Кытай элчиси мындай билдирүүнү Евробиримдик “эгер Орусия Украинадагы кризисти басуу боюнча Батыштын сунушуна оң жооп бербесе, Орусияга каршы санкция жарыяланышы мүмкүн” дегенден кийин айткан.