Жаза аткаруу кызматы: "Нариман Түлеев уурдалбай, сабалбай эле №47-колонияда жатат"

"Экс-мэр Нариман Түлеевди белгисиз бирөөлөр уурдап кетишти". Бул тууралуу өзүнүн социалдык баракчасына Кыялбек Тойчиев бүгүн, 14-мартта жазды.

Анын айтымында, Нариман Түлеев катуу сабалган.

Буга Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан “Нариман Түлеев уурдалбай, сабалбай эле №47-колонияда жатат” деп билдиришти.

Айта кетсек, кечээ, 13-мартта Нариман Түлеев УКМКнын тергөө абагына которулган. Бирок ал жакта орун жоктугуна байланыштуу кайра №47-колонияга алынып келинген.

Эске сала кетсек, экс-мэр “мамлекеттик бюджетке зыян келтирген” деген айып менен камалып, 2013-жылы 11 жылга эркинен ажыратылган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан