Чу дарыясынын жээгин бекемдөө иштерине 80 миллион сом керек. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов билдирди.
“Дарыянын жээгинде 40 кооптуу аймак бар. Алардын 13ү биринчи даражада. Өткөн жылы 4 аймакта бекемдөө иштери жүгөн. Бул жылы дагы жээктерди бекемдөө иштери жүрөт”, - деди Кубатбек Боронов.
Айта кетсек, Чу дарыясы Кыргызстан менен Казакстандын чек арасын бөлүп турат. Дарыянын жалпы узундугу - 1067 чакырым.