Бүгүн, 14-мартта Жогорку Кеңештин депутаттары Эсенгул Исаков менен Кожобек Рыспаев “Ата- Бейит” мемориалдык комплексинде 2010-жылдагы 7-Апрель окуясында каза болгон баатырларга куран окутуу иш-чарасына катышты. Муну ЖКнын маалымат кызматы билдирди.
Иш-чарага энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев, Апрель окуясынын катышуучулары, каза болгон баатырлардын ата-энелери да катышты.
Куран окулгандан кийин курман болгондордун тайманбастыгы, эрдиги эскерилди. Мындан ары мындай каргашалуу окуялардын кайталанбашы керектигин айтышкан депутаттар иш-чара катышуучуларын, жалпы мекендештерди өлкөбүздүн бүтүндүгүнө доо кетирбей, ар кандай чагымчылдардын аракеттерине каршы туруп, өлкө келечеги үчүн кызмат кылууга чакырышты .
Апрель окуясынын айрым катышуучуларына Коргоо министрлигинин Намыс медалы жана Ардак грамоталары тапшырылды.