Турсунбай Бакир уулу: “Бир жолу аэропортто бирөө менен көпкө сүйлөшүп отурдум. Аягында анын ким экенин сурасам, Жогорку Кеңештин депутаты экен”

Жогорку Кеңештин депутаты Турсунбай Бакир уулу бардык эле депутат кесиптештеринин аты-фамилиясын биле бербей турганын айтты. Эл өкүлү муну “Ар-намыс” фракциясынын 14-марттагы жыйынында билдирди. Бакир уулу бир күлкү келерлик окуяны эскерди:

“Бир жолу мындай окуя болгон. Аэропортто отурсам, бир адам мени менен сүйлөшүп калды. Менин иштерим кандай экенин, бүт баарын сурады. Мен ага жооп берип отурдум да, аягында мени каяктан тааный турганын сурадым. Ал “сиз менен бир залда отурабыз” деп (ред. Жогорку Кеңештин жыйындар залы) жооп берди”,- дейт Бакир уулу. 

Фракция лидери Феликс Кулов Бакир уулу тааныбай калган адам ЖКнын жаш депутаттарынын бири экенин билдирди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан