Социалдык өнүгүү министрлиги геронтологиялык борборлорду ачууда жарандык коомдун өкүлдөрүн кызматташууга чакырды

Социалдык өнүгүү министринин орун басары Нарынкүл Эшенкулова геронтологиялык борборлорду ачууда жарандык коомдун өкүлдөрүн кызматташууга чакырды. Бул тууралуу 14-мартта мекеменин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, министрлик бул багытта иш алып барууда. “Карылык дүйнө жүзүндөгү актуалдуу маселелердин бири болуп саналат. Биздин өлкөдө 582 миңге чукул пенсионер жашайт. Алардын басымдуу бөлүгү медициналык жана социалдык жардамга муктаж. Эс алуу борборлору баарлашууга мүмкүндүк түзөт. Биз улуу муундун өкүлдөрү үчүн борборлорду ачуу керектигин көрүп жатабыз”,- деди жарандык коомчулук менен жолугушууда министрдин орун басары.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан