13-мартта Украинанын Донецк шаарындагы Ленин атындагы аянтта согушка каршы уюштурулган тынчтык митинги кандуу уруш менен аяктады. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Украинанын биримдиги үчүн саат 18:00гө митинг уюштурулган. Бул саатта Лениндин эстелигинин жанына Орусияга кошулууну каалаган эл да чогулуп, митинг өткөрүшкөн. Көп өтпөй эки тараптын ортосунда түшүнбөстүктөр чыгып, жумурткалар, петардалар, ичинде медицинада колдонуучу жашыл суюктугу бар бөтөлкөлөр, түтүн чыгаруучу каражаттар ыргытылган.
Бул кармашууда 2 адамдын каза болгондугу жана 30дай адамдын жабыркагандыгы айтылууда.