Кыргызстанда төрөт үйлөрүндө ымыркайларга жана энелерге болгон ар кандай терс мамилелерге кечирим болбошу керек. Муну бүгүн, 14-мартта “Парламент” радиосундагы түз байланышта ЖКнын депутаты Элмира Жумалиева билдирди. Айтымында, төрөт үйлөрүндөгү коррупциялык иштерге бөгөт коюу үчүн кызматкерлердин жоопкерчилигин күчөтүү зарыл. Төрөт үйлөрүндөгү бала сатуу, ымыркайды алмаштыруу фактыларына күнөөлүүлөр сөзсүз жоопко тартылышы керек экенин айтат депутат.
Жумалиева аялдардын социалдык шарттарын жакшырта турган мыйзам долбоорлорун демилгелөөгө активдүү катышып жатканын айтат. Жакында алимент төлөөчүлөрдүн жоопкерчилигин күчөтө турган мыйзам долбоорун даярдап, 1-окууда кабыл алынганын маалымдады.