Ош технологиялык университетинде "Лидер" ийрими иштеп жатат

Ош технологиялык университетинде "Лидер" илимий ийрими активдүү студенттер үчүн иш алып барууда. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта аталган окуу жайдын басма сөз катчысы Рамис Ыдырысов билдирди.

Аталган ийримдин негизги максаты - студенттердин билим деңгээлин жогорулатуу, оратордук жөндөмдөрүн күчөтүү жана ар кандай долбоор менен иштөөгө мүмкүнчүлүк түзүү. Ийрим окуу жайдын экономика жана башкаруу факультетинин эл аралык мамилелер кафедрасы тарбынан демилгеленип, буга окуу жайдагы бардык активдүү жаштар тартылган.

Долбоордун аягында "Лидер" ийриминде окушкан студенттер тажрыйба алуу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жана Жаштар, эмгек жана миграция министрлигине, Ош шаардык кеңешине практикага жөнөтүлүп, жыйынтыгында атайын сертификаттар берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан