Бүгүнкү күнү республикабызда малды жасалма жол менен уруктандыруучу 368 пункт бар

Бүгүнкү күнү республикабызда малды жасалма жол менен уруктандыруучу 368 пункт бар. Бул тууралуу Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган министрликке караштуу Мамлекеттик селекциялык-асыл тукум борборунун директору Баялин Байтемиров: “Малды асылдандыруучу “Элита” станциясында Америка мамлекетинен алынып келинген таза кандуу швиц, абердин-ангуст жана симментал породасындагы букалардын уруктары өндүрүлүүдө. Бул уруктар малды жасалма жол менен уруктандыруучу республикабыздагы бардык пункттар үчүн даярдалып жатат”,- деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан