Ата-энелер Бишкектеги №30-орто мектептин аймагынан соода түйүндөрүн алып салууну талап кылышууда

Ата-энелер Бишкектеги №30-адистештирилген мектептин аймагына соода түйүндөрүнүн курулушуна каршы. Муну алар 14-марттагы маалымат жыйында билдиришип, тийиштүү органдан бул маселени чечип берүүнү талап кылышты.

“Орто мектепке тиешелүү жер тилкесине соода түйүндөрү курулбастан, ал жер окуучулар үчүн гана пайдаланылышы керек”,- деп билдирди мектептин директору Чолпон Эралиева.

Ата-энелер павильон, эки дүкөн курулган аянттын окуучулар үчүн зарылдыгын жана жер тилкесин ижарага алган жеке ишкер, келишимдин мөөнөтүнүн аяктагандыгына карабастан, жер тилкесин бошотуудан ар кандай жолдор менен баш тартып жатканын билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан