Бишкекте 19-мартта Кыргызстан менен Индия мамлекетинин ишкерлеринин ортосундагы ар тармактуу маселелерди талкуулоочу бизнес-форум өтөт. Бул тууралуу КРнын Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган иш-чаранын алкагында борбор калаага Индиянын Соода-өнөр жай федерациясы баш болгон ишкерлер келишет. Тараптар саламаттыкты сактоо, логистика, маалыматтык технологиялар, инженердик өндүрүш тармагында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт.
Ишкерлердин жолугушуусун өткөрүү боюнча келишим КРнын Соода-өнөр жай палатасынын башчысы Марат Шаршекеев менен Индиянын КРдагы элчиси Жайант Намдеорао Кхобрагаде менен жолугушуу учурунда түзүлгөн.