Биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн, 14-мартта Япониянын эл аралык JICA агенттигинин өкүлдөрү менен сүйлөшүү жүргүздү. Өкмөттүн маалымат кызматынын билдиришинче, аталган агенттик Ош-Баткен-Исфана унаа жолун оңдоо үчүн 100 миллион доллар бөлгөнү жатат. Насыя 40 жылдык мөөнөткө берилет. Аталган трассанын жалпы узундугу - 358 чакырым.