Курмантай Абдиев: “Жогорку Кеңештин депутаттары көчөт отургуза турган жер тактала элек”

Парламенттин мурунку аптадагы жыйындарында депутат Курмантай Абдиев өлкөнү жашылдандыруу үчүн 20-марттан 20-апрелге чейин ар бир кыргызстандыкка 5тен көчөт отургуздуруу сунушун айтып чыккан. Демилге ЖКдан колдоо таап, токтом кабыл алынган. Жакын арада депутаттар атайын тандалган бир аймакка көчөт сайышып, аны салтка айландыруу жөрөлгөсүн баштаганы турат.

“Азырынча ылайыктуу жер табыла элек. Токой чарба жана айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги менен сүйлөшүп жатабыз. Депутаттар көчөт отургузат, бул бир күндүк акция эмес, түбөлүккө кала турган иш болушу керек. Көчөттү сайып коюп кетип калбай, аны сугаруу иштерин да көзөмөлгө алышыбыз керек”,- дейт Курмантай Абдиев. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан