Ысык-Көл. Лыжа базасынын жолу кышка даяр эмес

Каракол лыжа базасынын жолу кышкы сезонго даяр эмес. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук жол кыймылын көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Насипбек Калмурзаев билдирди. Анын айтымында, Каракол шаары менен лыжа тебүүчү жайга чейинки аралык 7,5 чакырым. Анын 2,5 чакырымы эч бир мекемеге бекитилип берилген эмес. Ошол себептен жол каралбай жатат. Мындан улам жүргүнчүлөрдүн жол коопсуздугу коркунучта. Белгилей кетсек, былтыркы жылы жолдун ушул бөлүгүндө эки кырсык катталган. Бул маселеге байланыштуу облустук бийликке кат жөнөтүлгөн болчу. Бирок бүгүнкү күнгө дейре жыйынтыгы чыга элек.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан