Бишкектеги №25-мектеп толугу менен жабылды

Бишкектеги №25-мектеп толугу менен жабылды. Бул тууралуу 14-мартта Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, КСДП фракциясынын өкүлү Сайрагүл Токтосунова билдирди.

Анын айтымында, аталган мектептин имараты капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтсүн деген чечим чыгарылган. "Аны оңдобой эле толугу менен алып салып, ордуна жаңы мектеп салуу муктаждыгы келип чыкты. Учурда окуучулар 4 мектепке бөлүнүп билим алышууда. Андыктан мектептин жалпы жамааты 4 жерге чуркаганга мажбур болушууда",- дейт депутат айым.

Депутат өз сөзүндө башка мектептердин абалы тууралуу да айта кетти. "Мындан сырткары №28-мектептин имаратынын чатыры кулаганы турат. №44-мектеп авариялык абалда. Булардын үстүнө жыл сайын 1-2 мектеп кошулуу коркунучу турат. Мындан улам мектептерде берилүүчү ысык тамакка кеткен акчаны ошол эскилиги жеткен мектептерди оңдоого которуу тууралуу сунушун көтөрүп чыкканмын",- деди Токтосунова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан