Таш-Мойнок айылында өткөн Жип-кросс унаа мелдешине 2 миңге чукул көрүүчү күбө болду (фоторепортаж)

Чүй облусуна караштуу Таш-Мойнок айылында 16-март күнү Жип-кросс унаа мелдеши болуп, ага 2 миңге чукул көрүүчү күбө болду. Иш-чара КРнын Коргоо министрлиги жана “Тейваз” тренинг борбору менен биргеликте уюштурулду. Министрликтин 73 809-аскер бөлүгүнүн базасындагы танкодромдо Коргоо министринин кубогун жеңип алуу үчүн Жип-кросс унаа мелдеши жогорку деңгээлде өттү.

Министр Таалайбек Өмүралиев иш-чаранын ачылышында мелдештин максатына токтолуп, жаштарды заманбап аскердик техника аркылуу аскердик кызматка кызыктыруу жана аларда патриоттук сезимди ойготуу экенин баса белгиледи.

Мелдеш "Скорпион" аттуу атайын даярдыктагы аскердик бөлүмүнүн террорчуларды куралсыздандыруу жана кармоо боюнча окууларды көрсөтүүсү менен башталды. Андан соң кыргызстандык танктар, КамАЗдар жана БТРлердин кубаттуулугу сыналды.

Жип унааларынын жарышына 50дөн ашуун экстремалдык айдоону сүйүүчү катышты. Унаа мелдеши туризм, спорт, абсолют жана квадрацикл категориясына бөлүндү.

Унаа жарыштын жыйынтыгында абсолют категориясында Талант Дүйшөкеев, спорт категориясында Борис Картыгин, туризм категориясында Евгений Плотников жана квадрацикл айдоочуларынын арасынан Бакыт Абыкеев жеңүүчү деп табылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан