"Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө" мыйзамга толуктоо киргизилди

«Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө» мыйзамга толуктоо киргизүүгө КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев 14-мартта кол койду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди.

Аталган мыйзамды КРнын Жогорку Кеңеши 2014-жылдын 13-февралында кабыл алган.

Кабыл алынган документ аккредитациялоону жүргүзгөн жана адистештирилген экспертиза түрлөрүн (укуктук, укук коргоочу, гендердик, антикоррупциялык жана экологиялык) жүзөгө ашыруу укугуна ээ болгон көз карандысыз эксперттерди (жеке жана юридикалык жактар) аккредитациялоо тартибин аныктаган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды белгилөө боюнча өкмөттүн укугун аныктайт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан