Ош. Мэр Айтмамат Кадырбаев Түркия өкмөтүнө караштуу ТИКА агенттигинин президенти Хакан Элгюнду кабыл алды

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Түркия өкмөтүнө караштуу ТИКА агенттигинин президенти Хакан Элгюнду кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, түрк ишкерлери тарабынан шаардагы 3-бейтапкана курулган. Мекеме 300 миң долларлык медициналык жабдыктар жана кеңсе эмеректери менен камсыздалган. Мындан ары ал жерде эмгектенген кызматкерлер Түркияга барып тажрыйба алмашууга да мүмкүнчүлүк түзүлөрү белгилүү болду.

«Ош шаары кыйынчылыкты башынан өткөрүп турганда, боордош түрк эли жардамын аяган жок. Шаар эли бул жакшылыгыңарды унутпайт. Мындан ары тыгыз кызматташтыкта иш алып барууга даярбыз жана колдон келген жардамыбызды беребиз»,- деди калаа башчы. 

Хакан Элгюн шаар мэрин жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктап, мындан аркы ишине ийгиликтерди каалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан