Ош мамлекеттик университетинде ишембилик өттү

Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинде 15-мартта ишембилик уюштурулду. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта аталган окуу жайдын басма сөз катчысы Зинагүл Нуралиева билдирди.  

Ишембиликке ректор Каныбек Исаков баш болгон ректорат жамааты, медицина факультетинин профессордук-окутуучулар курамы, студенттер, чарба департаментинин кызматкерлери катышты.

Ишембиликтин алкагында ОшМУнун медицина факультетинин базасында курулуп жаткан клиниканын алдына тротуар схемасы чийилип, айлана-тегереги тазаланды. Атайын алынып келинген 145 даана арча көчөтү отургузулду. Университеттин бардык окуу имараттарында ишембиликтер жүрүп жатат”,- деди окуу жайдын административдик-чарба иштери боюнча проректору Алтынбек Зайнидинов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан