Ош технологиялык университетине Батыш Индия мамлекетинин Хадича штатынын "KALUNQA" университетинин ректору Сатендра Хотяндро иш сапары менен келди. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.
Сатендра Хотяндро ОшТУнун окутуучулары жана студенттери менен кеңейтилген жыйын өткөрүп, Батыш Индия мамлекетинин билим берүү системинин артыкчылыктары тууралуу кеңири маалымат берди.
Ректордун иш сапарынын негизги максаты - ОшТУ жана "KALUNQA" университети менен тажрыйба алмашуу жана эл аралык кызматташууну өркүндөтүү.
Мындан ары эки өлкөнүн жогорку окуу жайлары тажрыйба алмашуу тармагында кызматташышмакчы.