Алмазбек Атамбаев 2002-жылы Аксы окуясында курман болгондордун эстелигине гүл койду

Бүгүн, 2014-жылдын 17-мартында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 2002-жылы Аксы окуясында курман болгондорду эскерди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чара 2002-жылдын 17-мартында Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Боспиек айылында болгон окуянын 12 жылдыгына арналды. Анда мамлекет башчы республиканын баш калаасынын борбордук «Ала-Тоо» аянтындагы 2002-жылдын Аксы окуясында жана 2010-жылдын Апрель окуяларында элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун жаркын элесине арналып тургузулган монументке гүл койду.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан