Европарламенттин президенти Мартин Шульц кечээ, 16-мартта Крымда өткөрүлгөн автономиялык статус боюнча референдумду мыйзамсыз деп айтты. Бул тууралуу Европарламенттин расмий сайтына жарыяланды.
Анда: “Мен референдум өткөнүнө өкүнөм. Анткени ал легитимдүү эмес, мыйзамсыз жана ал кризисти жөнгө салууну оорлотту. Бул шайлоо Украинанын жана эл аралык мыйзамдын ченемине жарабайт”,- деп айтылат.
Анын айтымында, Европалык парламент толугу менен Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдойт. “Крымга орусиялык аскердик күчтүн кирүүсүн жактабайм. Бул эл аралык мыйзамды жана Украинанын суверенитетин бузгандык. Этникалык азчылык үчүн аскердик кыймылдын зарылдыгы деген аргумент көп учурда колдонулчу жана ал кыйратуучу натыйжага алып келет”,- деп кошумчалады Европарламенттин президенти.
Эске салсак, кечээ, 16-мартта Крымда автономиялык статус боюнча шайлоо өткөн. Анда крымдыктардын 95,5 пайызы Орусияга кошулууга добуш беришкен.