Малайзия бийлиги 8-мартта 239 кишиси менен жоголгон учакты издөөгө жардам сурап Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Пакистан, Лаос, Вьетнам, Индия, Кытай, АКШ жана башка өлкөлөргө кайрылды. Учурда жоголгон учакты 25 өлкө издөөдө. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, учактын эки учкучунун: 53 жаштагы Захари Ахмаддын жана 27 жаштагы Фарик аб-Хамиддин үйлөрүнө тинтүү жүргүзүлдү. Бирок азырынча эч кандай маалымат чыга элек.
Ошондой эле Малайзиянын премьер-министри Нажиб Разак спутниктен алынган маалыматка таянып, учактын байланыш системи толук өчүрүлгөндөн кийин ал дагы 7 саат асманда болгонун кабарлап, “учактын байланыш системин кимдир бирөө атайын өчүргөн” деген божомолун билдирди.
Буга чейин жоголгон учак Инд океанынан, Тынч океандан, Андаман деңизинен изделген.
Эске салсак, 8-март күнү Малайзиянын Куала-Лумпур аба майданынан Кытайдын Пекин шаарына сапар тарткан Боинг-777-200 учагы 239 жүргүнчүсү менен дайынсыз жоголгон. Анда 14 өлкөнүн жарандары болгон. Учак асманга көтөрүлгөндөн 2 саат өткөндө аны менен болгон байланыш үзүлгөн. Акыркы жолу экрандан анын Вьетнам жана Малайзиянын ортосундагы деңиздин үстүндө учуп бара жатканы жана артты карай, батышка бурулганы көрүнгөн.