Крымдын Орусияга кошулушуна шайлоочулардын 95 пайыздан ашыгы добуш берди

16-мартта өткөн референдумда Крымдын Орусияга кошулушуна шайлоочулардын 95,5 пайызы добуш берди. Маалыматтарга таянсак, шайлоонун жыйынтыгы боюнча протоколдордун 75 пайызы топтолду.

Крымдын Украинанын курамында калышы боюнча шайлоочулардын 3,5 пайызы добуш берсе, бюллетендердин 1 пайызы жараксыз деп табылды. Ал эми шайлоочулардын добуш берүүгө катышуусу 82,71 пайызды түздү.

Айта кетсек, Крымда өткөн референдумга 2 маселе коюлду. Биринчиси – Крымдын Орусиянын аймагына кошулушу, экинчиси – Крымда 1992-жылдагы Конституцияга кайтып келүү менен Украинанын карамагында калышы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан