Жалал-Абаддын Спутник аймактык башкармалыгында Нооруз майрамын утурлай сүмөлөк кайнатылып, "Ыр кесе" болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган аймактык башкармалык, үйлөрдүн комитеттери, жергиликтүү тургундар катышып, өз өнөрлөрүн көрсөтүп, ар улуттун бийлерин тартуулашты.
Иш-чара мамлекеттүүлүктү бекемдөө жана кыргыздын каада-салттарын даңазалоо максатында ар бир аймактык башкармалыктарда өтөт.
Мындай иш-чарага мэрия жана шаардык кеңеш тарабынан атайын сыйлыктар каралып, жеңүүчүлөрдү аныктоо үчүн атайын комиссия түзүлгөн.