Бишкекте өтүүчү чуркоо марафонуна 24 университеттин студенттери катышат

23-мартта Бишкекте “Салам, мен!” деген ураандын астында Ден соолук фестивалын өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта уюштуруучулардын бири Атай Бейшенбек уулу SUPER.KG порталына маалымдады.

Анын айтымында, фестиваль боюнча Бишкектин мэриясына билдирүү жөнөтүлгөн. Бирок аталган мекемеден жооп келе элек. "Албетте, мэриянын уруксат берерине ишенебиз. Иш-чаранын негизги максаты – тамеки чегүү, арак ичүү, баңгизат колдонууга каршылык көрсөтүү жана жаштарды сергек жашоого үндөө",- деди Атай Бейшенбек уулу.

Белгилей кетсек, Ден соолук фестивалы эки бөлүктөн турат. Биринчиси - чуркоо марафону, ал саат 13:00дө старт алат. Анда Бишкектин 24 жогорку окуу жайларынын студенттери шаардын 4 жерден чуркоону баштап, эски аянтта мара сызыгына келишет. Экинчиси - саат 10:00дөн 14:30га чейин сергек жашоо образына арналган акция өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан