Президент Алмазбек Атамбаев “КРнын Жарандык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду.
Жогорку Кеңеш тарабынан 2014-жылдын 13-февралында кабыл алынган мыйзам Жарандык-процесстик кодекстин айрым жоболорун КРнын Конституциясына жана “КРнын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө” мыйзамына шайкеш келтирүүгө багытталган.
Кол коюлган мыйзам боюнча кодекстин айрым жоболору Конституциянын 6-беренесине ылайык келтирилет. Ага ылайык, “Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы кабыл алынган принциптери менен ченемдери КРнын укук системинин ажырагыс бөлүгү болуп саналат”.
КРнын Конституциясынын 97-беренесине ылайык, кодекстин бүткүл тексти боюнча “Конституциялык Сот” деген сөз “Жогорку Соттун Конституциялык палатасы” деген сөзгө алмаштырылат.
Киргизилген өзгөртүүлөр прокурорго сотко кайрылууга укук берген негиздерди кеңейтет. Прокурорго мамлекеттик жана коомдук кызыкчылыктарды коргоо үчүн сотко кайрылууга укук берилет. Ошондой эле кошумча жана кайталап экспертиза өткөрүү боюнча негиздер кеңейтилет.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.