Каргашалуу Аксы окуясына 12 жыл толду

Бүгүн, 17-мартта демократиялык улуу бурулуштун башаты - Аксы окуясына 12 жыл толду. Президенттин жарлыгы менен бул күн өлкө боюнча “Аксы окуяларын эскерүү күнү” деп жарыяланган. Бүгүн жер-жерлерде кандуу окуяны эскерүү иштери өтүп жатат.

Эскерте кетсек, 2002-жылы Үзөңгү-Кууштун Кытайга сатылышына каршы чыккан ошол кездеги ЖКнын депутаты Азимбек Бекназаровду бийлик жалган жалаа менен айыптап, камакка алат. Бийликтин мыйзамсыз иштерине, кыргыз жеринин Кытайга өтүп кетишине жана өздөрү депутат кылып шайлаган уулунун күнөөсүз камакка алынышына каршы Аксы эли нааразычылык акцияларына чыгышкан. Митинг, пикеттер тынымсыз уланып турган. Бекназаровдун иши боюнча сот улам жылып, соттун өкүмү чыга турган күн марттын 18ине белгиленип, бирок ишке ашпай калган...

Аксы районунун борборуна тынчтык митингин өткөрүү үчүн бара жаткан элди Боспиек айылынан аким баш болгон ОМОН, куралдуу милиция кызматкерлери тосуп чыгышат. Элге каршы ок атылып, кандуу окуяда 6 азамат каза табат. Ондогон адам жарадар болот.

12 жыл өттү. Каргашалуу окуяга күнөөлөнүп бир да адам жоопко тартыла элек. Аксы окуясынын катышуучулары, каза болгондордун жакындары, жаракат алгандар адилеттүүлүктөн үмүт үзүшө элек. Окуяга күнөөлүүлөрдүн айрымдары бүгүн жогорку бийлик бутактарында отурушат.

Аксы окуясы – депутатты бошотуп алуу эле эмес. Бул – Кыргызстандагы авторитардык режимдин кулашы, эркиндик үчүн болгон күрөштүн алгачкы карлыгачы. Аны унутууга эч кимибиздин акыбыз жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан