Крымдын премьер-министри Сергей Аксенов өлкөнүн (Крымдын) Орусияга кошулушу боюнча референдумду өттү деп эсептейт. Муну Аксенов бүгүн, 17-мартта билдирди. Күндүн жарымына чейин (16-мартта) өлкөнүн ири шаарларында шайлоочулардын 50 пайызы добуш берүүгө келишкен. Референдум өткөрүү боюнча комиссиянын маалыматы боюнча, 14 саатта шайлоочулардын добуш берүүгө катышуусу 54 пайызды түздү.
Ал эми расмий Киев референдумду Конституцияга каршы келгенин жарыялап жана Жогорку Рада Крым парламентин таратуу боюнча чечим кабыл алды. Крым өкмөтү Украинанын жаңы бийлигинин чечимдерин тааныбай турганын билдирүүдө.
Акыркы маалыматтар боюнча, Крымдын Орусияга кошулушуна шайлоочулардын 96 пайызы добуш бергени белгилүү болду.