Социалдык өнүгүү министрлиги: Москвада кароосуз калган акыркы 7 наристе мекенине алынып келди

Социалдык өнүгүү министрлиги Москвада кароосуз калган акыркы 7 наристени мекенине кайтарды. Бул тууралуу 17-мартта мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаевдин айтымында, бул багытта иш-чаралар жыл башынан бери экинчи жолу өткөрүлүп жатат.

 "Үч наристени январь айынын аягында алып келдик. Азыр акыркы балдар алынып келди. Москва шаарында кыргызстандык наристелер жок",- деди ал.

Алынып келген балдардын эң кичинеси 2 айлык, эң улуусу эки жарым жашта. Алар туугандары табылганга чейин Бишкектеги балдар үйүндө болушат. Тууганы табылбаган балдар асыроого берилет.

Белгилүү болгондой, чет өлкөдө ташталган балдарды мекенине алып келүү 2012-2014-жылдарда калкты социалдык жактан коргоо боюнча стратегиянын алкагында ишке ашырылууда. Бул багытта КРнын Орусиядагы элчилиги көмөк көрсөтүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан