КРнын Граждандык кодексине өзгөртүү жана толуктоо кирди

2014-жылдын 14-мартында президент Алмазбек Атамбаев “КРнын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду.

Жогорку Кеңеш 2014-жылдын 13-февралында кабыл алган мыйзам Граждандык кодекстин айрым жоболорун КРнын Конституциясы жана “КРнын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө” мыйзамына шайкеш келтирүүгө багытталган.

Граждандык кодекстин 20-беренесине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, жаран жеке турмушунун жана кат жазышуунун сырын сактоону коргоо укугуна гана эмес, почталык, телеграфтык, электрондук жана башка билдирүүлөрдүн, телефондук жана башка сүйлөшүүлөрдүн сырын сактоо укугуна да ээ. 136-беренеге киргизилген өзгөртүүлөр жоопкерчилиги чектелген коомдон катышуучуну чыгаруунун жаңы эрежесин белгилейт. 204-беренеге киргизилген түзөтүүлөр менен милдеттүү нотариалдык күбөлөндүрүүнү талап кылган ишеним каттардын түрлөрү такталат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан