Муфтият ажылык сапарга зыяратчыларды жеткирүү үчүн авиакомпанияларга сынак жарыялады

Муфтият 2014-жылы ажылык сапарга зыяратчыларды жеткирүү үчүн авиакомпанияларга сынак жарыялады. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы маалымдады.
Сынактын катышуучулары 25-марттан 7-апрелге чейин билдирүүлөрүн тапшыра алышат. Сынак 7-апрелде саат 10:00дө Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын имаратында өтөт.
"Мындан тышкары "Ажылык-2014" иш-чарасынын алкагында зыяратчылардын кийимин тигүүгө да сынак жарыяланды. Ага катышуу жөнүндө билдирүүлөр 1-10-апрель күндөрү кабыл алынат. Сынак 14-апрелде саат 10:00дө өткөрүлөт",- деп билдирди КМДБнын басма сөз кызматы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан