Ош облусунда Нооруз майрамына карата улуттук ат оюндары өткөрүлөт

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү 19-21-март күндөрү облустук ат майданында көк бөрү, кунан чабыш, жорго салыш жана оодарыш боюнча улуттук ат оюндарын өткөрөт. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта өкүлчүлүктүн басма сөз катчысы Шайлообек Козубаев билдирди.

Маалыматка ылайык, ат оюндарын өткөрүү үчүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн резервдик фондунан 200 миң сом акча каражаты бөлүндү. 

Мындан сырткары Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылына карата иштелип чыккан иш планынын негизинде Ош облусунун бардык райондук жана айылдык аймактарында Нооруз майрамына карата маданий иш-чаралар жана улуттук оюндар өткөрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан