Бишкекте гуманитардык илимдердин 10 багыты боюнча эл аралык олимпиада өттү

Бишкекте гуманитардык илимдердин 10 багыты боюнча эл аралык олимпиада өттү. Мэриянын билдиришинче, алар: чыгыш таануу, дизайн, тарых, маданият таануу, укук, саясат таануу, психология, социология, филология жана философия.

Олимпиаданын максаты - таланттуу жаштарды гуманитардык илимдерге тартуу, Орусия өкмөтү тарабынан каржыланган сынактарга катышуу үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүү. Олимпиадага жергиликтүү жана чет өлкөлүк мектептердин 8-11-класстарынын 500дөн ашык окуучулары катышты. Жеңүүчүлөр Орусиянын Жогорку экономикалык мектебинен билим алуу укугуна ээ болушат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан