17-марттан тарта Улуттук китепканада КРнын Мамлекеттик Гимнинин авторлорунун бири, КРнын Эл артисти, композитор жана дирижёр, профессор Насыр Давлесовдун 85 жылдыгына арналган “Музыка дүйнөсүнүн чебери” деп аталган тематикалык көргөзмө өтүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта Улуттук китепканадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, көргөзмөдө композитордун өмүрүнө жана чыгармачылыгына арналган китептер, гезит-журналдардагы макалалар, нота чыгармалары жана грампластинкалар коюлган. Аталган иш-чара 17-апрелге чейин уланмакчы.
Белгилей кетсек, Давлесов Насыр Давлесович 1929-жылдын 15-мартында Кемин районундагы Кара-Булак айылында туулган. Өзүнүн чыгармачылык жолун 1944-жылы П.Ф.Шубин жетектеген эл аспаптар оркестринин артисти катары баштаган. П.И.Чайковский атындагы Москва мамлекеттик консерваториясын опералык-симфониялык дирижёр адистиги боюнча бүтүргөндөн кийин Кыргыз опера жана балет театрында дирижёрлук ишин баштаган. Театрда иштеген 40 жылдан ашык убакыттын ичинде дирижёрдун чыгармачылык портфелинде 50дөн ашык спектакль топтолгон. Алардын ичинен 20дан ашыгы белгилүү музыканттын аткаруусунда Кыргызстандын угуучуларына биринчи жолу тартууланган. Алардын арасында П.И.Чайковскийдин "Евгений Онегин", Д.Пуччининин "Богема", А.С.Даргомыжскийдин "Русалка" деген классикалык опералары, П.И.Чайковскийдин “Ак куу көлү”, Л.Минкустун "Дон Кихот", А.И.Хачатуряндын "Спартак", Б.Асафьевдин "Бахчисарай фонтаны" жана башка балеттер бар.
50-жылдардан баштап маэстро Бүткүл союздук симфониялык оркестр, Москва, Ленинград, Ульяновск, Горький филармонияларынын орекстрлери сыяктуу даңазалуу коллективдер менен, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Латвиянын мамлекеттик оркестрлери менен иштеше баштаган. Анын жетекчилиги менен даярдалган концерттик программалар биздин өлкөдө эле эмес, Канадада, Сирияда, Эфиопияда, Данияда, Швейцарияда да музыкалык жамааттардын жогорку бааларын алган.
Насыр Давлесовдун чыгармачылыгы композитор катары кыйла белгилүү. Анын чыгармачылыгында вокалдык, вокалдык-хор жана вокалдык-симфониялык чыгармалар негизги орунда турат. Алардын ичинен 200дөн ашыгы ырлар, романстар, хорлор, кантаталар, “Аста-секин, колукту” музыкалык комедиясы, "Курманбек" операсы жана башка көптөгөн чыгармалар. 26 жылдан ашык убакыт бою сценадан түшпөгөн “Аста-секин, колукту” музыкалык комедиясы коюлган саны боюнча бардык рекорддорду артта калтырган.
Насыр Давлесов кыргыз музыкалык искусствосунун калыптанышына жана өнүгүүсүнө зор салым кошкон. Н.Давлесов өзүнүн бүткүл чыгармачылык өмүрүндө педагогикалык ишке көп көңүл буруп, күчүн жумшаган. 15 жылдан ашык Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун жетектеген.
Белгилүү композитордун эмгеги татыктуу бааланып, ал Ардак белгиси, Эмгек Кызыл Туу ордендери, I жана II даражадагы Манас ордени, Даңк медалы, Кыргыз ССРинин жана Казак ССРинин Жогорку Советтеринин Ардак грамоталары менен сыйланган. Композитор жана дирижёр Насыр Давлесов Кыргыз Республикасынын Эл артисти деген ардактуу наамдын ээси, Искусствого эмгек сиңирген ишмер, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыкка жана А.Александров атындагы Бүткүл союздук сыйлыкка татыктуу болгон.
Ал 2011-жылы 12-июнда 83 жаш курагында каза таап, сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган.