Крым: Орусияга кошулууга шайлоочулардын 96,6 пайызы макул болду

Крымда 16-мартта өткөн референдум боюнча протоколдор толук жыйналып, жыйынтык расмий түрдө жарыяланды. Маалыматка таянсак, Крымдын Орусияга кошулушуна шайлоочулардын 96,6 пайызы добуш берди. Шайлоочулардын добуш берүүгө катышуусу 82,71 пайызды түзгөнү айтылды. Севастополь шаарындагы добуш берүүнүн жыйынтыгы буга кошулган жок (Севастополь мамлекеттик маанидеги шаар болуп, формалдуу түрдө Крымдын курамына кирбегендиктен, ал жерде өзүнчө шайлоо өттү).

Буга чейин Орусия референдумду өткөрүү мыйзамдуу экенин, Крым эли Орусияга кошулууну чечсе, жаңы аймакты кошуп алуу боюнча документтештирүү иштери тез арада жүрө турганын билдирген эле. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан