Мамлекеттик Думанын спикери Сергей Нарышкин Крымды Орусияга кошуп алуу маселеси жакын арада карала турганын билдирди. Маалымат бүгүн, 17-мартта белгилүү болду.
“Крымды өткөн референдумдун жыйынтыгы крымдыктар өздөрүнүн келечегин Орусия менен гана көрө алышарын даана көрсөттү. Жарандар дайыма бирге жашап келген элди бириктирүү үчүн добуш беришти”,- дейт Нарышкин.
Айта кетсек, Крымда өткөн референдумда өлкөсүнүн Орусияга кошулушуна шайлоочулардын 97 пайызга жакыны добуш берди.