Баткен облусундагы Караван айыл өкмөтүндө Беш-Баатыр аллеясы курулат. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта аталган айыл өкмөттүн башчысы Айдарбек Зулпуев билдирди. Анын айтымында, бул аллеянын курулушу үчүн 600 миң сом каралган.
“1949-жылы Караван айылынан 4 Социалисттик Эмгектин Баатыры чыккан. Алар тамеки өстүрүү менен бүткүл Союзга белгилүү болушкан”,- деди Зулпуев.
Айта кетсек, бүгүнкү күнү аталган айылда 25-30 гектар аянтка тамеки эгилет. Союз учурунда 300-400 гектарга тамеки эгилчү.