Баткен. Доллардын курсунун жогорулашы фермерлерге кыйынчылык жаратууда

Доллардын курсунун жогорулашы фермерлерге кыйынчылык жаратууда. Бул тууралуу Кызыл-Кыя шаарындагы Караван айылынын тургуну Мырзакарим Бекматов билдирди.

Анын айтымында, 2012-жылы баасы 31 миң долларлык тракторду лизингге алган.

Тракторду доллар менен алганбыз. Аны төлөөдө кыйналып жатабыз. Анан дагы пайызы жогору болуп жатат. Алсак, мен бул тракторду 22 пайыз менен алгам. Мамлекет ушул тарабын дагы карап берсе жакшы болот эле”,- деди Мырзакарим Бекматов.

Айта кетсек, Караван айылында 1 гектар жерди 3000 сомго айдашат. Ал эми аталган трактордун ээси бир жылда 200 миң сомго чейин пайда табарын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан