ФИФАнын президенти Йозеф Блаттер Кыргызстанга болгон расмий сапарында Алмазбек Атамбаев менен жолукпайт

ФИФАнын президенти Йозеф Блаттер Кыргызстанга болгон расмий сапарында Алмазбек Атамбаев менен жолукпайт. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта КРнын Футбол федерациясынан маалымдашты.

Блаттер 24-мартта келип, “Гол-3” долбоорунун негизинде ФИФА менен биргеликте курулган футбол майданынын ачылышына катышары күтүлүүдө. 25-мартта өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев менен жолугушары айтылган. Бул күнкү жолугушуу өлкө башчынын иш планына туура келбегенинен жана башка расмий өкүлдөр менен жолугушуу пландалганынан улам орун албай турган болду. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан