Жалал-Абад. Тайырбек Сарпашев Иринжит суу каналынын курулушу менен таанышты

Бүгүн, 17-мартта Жалал-Абад облусунда иш сапары менен жүргөн Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев Аксы районунун Кош-Дөбө айылындагы Иринжит суу каналынын курулуш ишин көрүп чыкты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Вице-премьер-министрге каналдын узундугу 7,4 чакырым жана анын курулушу үстүбүздөгү жылдын май айында аяктай тургандыгы жөнүндө маалымат беришти.

Тайырбек Сарпашев бардык курулуш иштерин 10-майга же сугат иши башталган убакытка чейин бүткөрүүнү тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан