Ош шаарындагы Карл Маркс атындагы №2-мектеп-гимназиясында башталгыч класстардагы окуучулардын сөз байлыгын өстүрүп, кол жазмасын оӊдоого багытталган семинар өттү. Бул тууралуу 17-мартта Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башкы усулчусу билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган семинарга шаардагы кыргыз жана орус тилдүү 34 мектептин 4-класстарынын мугалимдери катышкан.
Иш-чаранын жүрүшүндө мыкты кол жазмалардын көргөзмөсү, «Сулуу жазып суктандырам» аталышта ачык сабактар, мугалимдер ортосунда пикир алышуу болду. Анда "Кантип окуучуну сулуу жазганга үйрөтсө болот?" деген суроонун тегерегинде талкуу жүрдү.