Кызыл-Кыя шаарында таза суу маселеси бар. Бул тууралуу аталган шаардын вице-мэри Жалалидин Рахматуллаев билдирди.
Анын айтымында, шаарга суу 16 чакырым алыстыктагы Исфайрам-Сайдан жана 9 чакырым алыстыктагы Кулуштандан алынып келет.
“Акыркы эки жылда 2 скважина иштеттик. Быйыл дагы экини ишке киргизели деп жатабыз. Бирок дагы деле суу маселеси бар. Ооруканалардан башкаларына чектөө киргизилген. Кээ бир аймактарда 6 саатка чейин суу өчүрүлөт. Суулар сугатка да иштетилет. Анткени шаарга агын суу келбейт”,- деди ал.